УКМК: Ташиевдин атын жамынган айрым блогерлер тарабынан абийирсиз иш-аракеттердин фактылары байкалууда

УКМК акыркы мезгилде айрым белгилүү блогерлер жана интернет активисттери тарабынан абийирсиз иш-аракеттердин фактылары байкалып жатканын билдирет. Тактап айтканда, алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, материалдык сый акы үчүн жарандардын ар кандай маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү убада кылышууда.

Мамкомитет УКМК төрагасы жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында УКМКнын кабылдамасына берилген жарандардын арыздарын жана кайрылууларын, ошондой эле мамлекеттик комитеттин электрондук почтасын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамдын ченемдерине ылайык карай тургандыгын баса белгилейт. Буга байланыштуу УКМК ар кандай инсинуацияларга жана абийирсиз адамдар тарабынан алдамчылык фактыларына жол бербөө максатында коомчулукту билип туруп мыйзамсыз аракеттерди колдонбоого, мыйзамда белгиленген тартипте УКМКнын дарегине кайрылууга чакырат. УКМК төрагасы менен тааныштыкка жана башка байланышка жамынган адамдар тарабынан алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан жарандарды 0-312-62-05-85 номерине кайрылууга чакырабыз.

Related posts

Чиркей «курмандыгын» кантип тандайт? Эксперттердин түшүндүрмөсү

admin

Чүйдө 15 жаштагы кыз 25-декабрдан бери дайынсыз болуп жатат

admin

Нарында жер титирөө катталды

admin

Комментарий