Кара-Кулжада сел жүрүп, 15 үйгө суу кирип, 1 үйдүн чатырын учуруп кетти

Кечээ, 21-июль күнү саат 16:10 чамасында Ош облусунун Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Алайкуу айыл аймагынын Сай-Талаа айылында жайгашкан 12 турак үйдүн жер төлөөсүнө кирип, 3 турак үйдүн короосун каптаган. Ошондой эле шамалдан 1 турак үйдүн 40 чарчы метр тунуке менен жабылган чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине маалыматты тактоо жана тазалоо иштерине Кара-Кулжа райондук №66 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, мотопомпа, айыл аймагынан 15 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, 12 турак үйдүн жер төлөөсүн жана 3 үйдүн короосун сел сууларын толук тазалашкан. Ал эми шамалдан жабыркаган үйдүн чатырын убактылуу жабып беришкен.

Related posts

Бишкекте эл аралык «Евразия жаңырыгы» кинофестивалы өтөт

admin

Жаратылышка өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү фактысы менен «Долпран» алтын кенинин башкы директору кармалды

admin

Депутаттар 2 күндүк эмгек акысын Түркияга жардам катары которушат

admin

Комментарий