Бишкекте алгачкы жолу аялдардын жан дүйнөсүн чагылдырган италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин сүрөт көргөзмөсү өтөт

Г.Айтиев атындагы көркөм-сүрөт-өнөр музейинде италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин “Жашыруун күндөлүк- күзгү артында жашоо” атылышындагы персоналдык көргөзмөсү болот. Пильоненин илюстарциялары толугу менен аялдын жан дүйнөсүнө, жашоону кабыл алуусуна арналат.
Бул тууралуу иш -чаранын уюштуруучусу Гүлзада Шаршеналиева билдирди.

Анын айтымында сүрөтчүнүн чыгармачылыгынын багытын, сынчылар сюрреализм менен гиперрализмдин айкалышы катары баалашат.
Сүрөт тартуу техникасы акрил менен ар бир деталды тартып чыгып, аларды кайрадан окуяга байлап, бирдиктирип компация түзүүдөн турат.
Көргөзмөнүн максаты жөн гана исскуство дүйнөсүнө сүңгүү гана эмес, Италия айымдары зомбулукка кабылганда мамлекет, коом кандай мамиле кылаары тууралуу маалымат алып, айымдардын жеке өсүүсү, оор кырдаалдан чыгуусу боюнча пикир алышуу, тажрыйба алмашуусун уюштуруу. Анткени Луиза Пильоне кесиби боюнча мед айым. Үй бүлөлүк зомбулуктан кийин исскуствого болгон ышкысы козголгон.
Урматтуу, ММКнын өкүлдөрү айымдардын тагдырын, күндөлүгүн, жашоосун чагылдырган көргөзмөнү чагылдырып берүүгө активдүү катышып берүүңүздөрдү суранабыз.



Related posts

Алматыда бомба тууралуу маалыматтан улам 29 мектептин окуучулары эвакуацияланды 

admin

Чолпон-Атанын мурдагы мэри кармалды. Ал Камчы Көлбаевге жер тилке берген деп айыпталууда

admin

Акыйкатчы мурдагы күйөөсү мыкаачылык кылган аялдан кабар алды

admin

Комментарий