Бакиев менен Атамбаев да экс-президент макамын кайтаргыла десе эмне болот? Садыр Жапаров жооп берди

Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусун калыбына келтирүү үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү кат менен кайрылганы маалым болду. Ал арада коомчулук бул маселени катуу талкууга алып, ар кандай пикирлер айтылып жаткандыктан «Кабар» агенттиги президент Садыр Жапаровго суроо узатып, пикирин укту.

— Эгерде өлкөбүздүн парламенти Аскар Акаевге экс-президент макамын кайтарып берсе, анда Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев да бизге да экс-президент макамын кайтаргыла десе кандай болуп калат? 

— Эми менин пикирим боюнча Бакиев менен Атамбаев экөөнүн жагдайы Акаевдикиненайырмаланып турат.

Акаев качканда адам өлүмү менен коштолгон эмес, кылмыш иши козголгон эмес, издөө жарыяланган эмес.

Албетте Аскар Акаевдин башкаруу мезгилинде чоң кемчиликтер кеткен. Катачылыктар болгон. Ошону менен биргеликте эле жаңы эгемендик алган мезгилдерде жетишкендиктери да болгон. Аны да айтып коюшубуз керек.

Ал эми Бакиев менен Атамбаевдин иштеринде адамдардын өлүмү менен коштолгон жагдайлар болуп кетти. Ошондуктан аларга парламент экс макамын берсе туура эмес болуп калат го деп ойлойм.

Албетте бул менин жеке пикирим. Алардын кылмыш иштери да бар да.

Булак: Сереп kg

Related posts

Кыргызстандан Азербайджанга 100 топоз авиакаттам аркылуу экспортко жиберилет

admin

КР УКМК: Талас облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды

admin

КР УКМК: Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Бишкек шаардык Мэриясынын — «Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин» мурдагы жетекчилери кармалды

admin

Комментарий