Алагозов: «Дин чөйрөсүн жөнгө сала турган мыйзам долбоорун «дааватка каршы» деп атоо туура эмес»

Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов жазды.

«Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даваатка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам«, деп жазды ал.

Буга чейин соцтармакка «дааватты жабуу мыйзам долбоорун колдойсузбу?» деген билдирүү жарыяланган.

Related posts

Тоолорго кар жаайт. 25-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

admin

Кеминде Калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди 

admin

УКМК азыркы болуп жаткан иштер тууралуу коомчулукка кайрылуу жолдоду

admin

Комментарий