Баткенде жер титиреди

Бүгүн, 9-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:41де Баткен районунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Баткен районунун Көк-Таш айылында 2,5 балл, Булак-Башы айылында 2 баллга (Көк-Таш айылынан 10 чакырым түштүк батышта, Булак-Башы айылынан 21 чакырым батышта, Баткен шаарынан 35 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

12-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кулубаев: Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 3,2 млрд. долларды түздү

admin

1-класска электрондук каттоонун 2-этабы башталды. Бишкекте кайсы мектепте орун калган жок?

admin

Комментарий