Дыйкан-фермер чарбаларды 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев азыркы учурда Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү максатына ылайык, жеке, чакан, майда чарбаларды ирилештирүү багытында кооперативдерди түзүү саясаты иштелип чыкканын билдирди.  Бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолду… 

— Кооперация боюнча негизги талап ири товардык өндүрүштү өркүндөтүү жана ирилештирүү процессин стимулдаштыруу болуп саналат. Учурда бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо маселесин колдоо катары, кимдин 1 миллион сомго чейин насыясы болсо, мамлекет жоюп бере турган программа иштелип чыгууда. Бирок жөн эле жоюп бербейт. Ал үчүн атайын шарт, талаптар бар.

 Жеке майда, чакан чарбалар кооперативдерге биригиши милдет. Тамчылатып сугаруу системасына өтүшү абзел. Анан эмнени эгем, өндүргөн товарымды кайда сатам деген так планы, келишими болушу шарт. Ушундай саясаттын негизинде мамлекет тарабынан каржылык көмөк, колдоо көрсөтүлөт. Кунарсыз жерлерди өздөштүрүү жеңилдетилген шартта берилет”, — деп белгиледи Төрөбаев.

Мына азыркы тапта аймактарда майда товар-өндүрүүчүлөрдү ирилештирүүнү стимулдаштыруу багытында жер үлүштөрүн, айыл чарба техникаларын, мал жандыктарын бириктирип кооперативдерди түзүү иштери пландалууда. Майда дыйкан-фермер чарбаларды ушул жол менен 2030-жылга чейин 424 кооперативге бириктирүү пландалууда.

Учурда 741 айыл чарба кооперативдери бар. Аларга 53127 га жер бөлүнүп берилген. Кооперативдерге “Айыл чарбасын каржылоо-12” жана “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбоорлору менен “Айыл Банк” аркылуу 8 кооперативге 19,1 млн. сом, “Элдик Банк” тарабынан 6 кооперативге 30,32 млн. сомго жеңилдетилген кредиттер берилген.

Мындай бириктирүүнү кызыктыруу (стимулдаштыруу) үчүн “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору иштелип жатат. Ага ылайык жеңилдетилген насыя каражаттарын 6 пайыз эсебинде 5 жылга берүү, ошондой эле мамлекеттик фондунун жерлерин түз жолу менен ижарага 20 жылга чейин берүү, кунарсыз жерлерди өздөштүрүү үчүн жеңилдетилген шартта берүү, техникаларды жана асыл-тукум малдарын лизинге артыкчылык шартта берүү каралууда.

Азыркы кезде акча каражаттары бар. Алсак, 70 кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачууга Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан 40 миллион доллар берилип жатат. Дүйнөлүк банк 35 миллион доллар акча каражатын аймактарда (Жалал-Абад, Нарында) багбанчылыкты өнүктүрүү, сүт өндүрүүчүлөдү (Ысык-Көл, Талас, Чүй) колдоого бөлүүдө. Тамчылатып сугарууга дагы каражаттар каралган.

Белгилей кетсек, кооперативдерди түзүү Президент Садыр Жапаровдун “Агроөнөр жай комплексин андан нары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу саясаты ылайык жүргүзүлүүдө

Related posts

Бишкекте 2,5 миң окуучу хор менен Манас айтты

admin

Өзбекстанда дары ичкенден кийин каза болгон балдар. Айыпталуучулар 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

admin

Курултайга байланыштуу жол тыгыны күтүлөт

admin

Комментарий