24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28 градус болот.

Related posts

Нидерландыда 613 күн коронавирус менен ооруган адам көз жумду

admin

Камчыбек Ташиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту

admin

Энергетика министрлиги элиталык үйлөргө жаңы тариф карап жатат

admin

Комментарий