Бишкектеги 47-мектепте мамлекеттик тил майрамы белгиленди

Кыргыз Республикасында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышынын 35 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата бардык институт, жогорку мектеп, колледж, лицейлерде адабий-музыкалык кечелер өтүп жатат.

Анын алкагында Бишкектеги № 47 мектепте бул майрам өзгөчө белгиленип, окуучуларды эмгектеринен жасалган буюмдардын көргөзмөсү жана концерттик программалар менен Мамлекеттик тил майрамы озгочо маанайда өттү.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык билим берүү департаментинин мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Перизат Бакирова, Ленин райондук билим берүү борборунун мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Чолпон Ишеналиева, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышты.

Андан соң окуучулар тарабынан эне тилди даңазалаган салтанаттуу кече уюштурулуп, Манас айтуу, комуз коштоосунда күүлөр, патриоттук маанайдагы ырлар жаңырып, кыргыз тилинин басып өткөн жолу, кыргыз мамлекетин түптөгөн инсандар тууралуу сахналаштырылган чыгармалар аткарылды.

Эскерте кетсек, мектептин жыйындар залы оңдоп-тузөөдөн өткөрүлүп улуттук колоритте жасагаланып, алгачкы майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Related posts

КР УКМК: Токмок шаардык салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды

admin

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп Тилек Мамадалиев дайындалды 

admin

Садыр Жапаров “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат

admin

Комментарий