Бүгүн Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде белгилүү архитектор, Кыргызстандын жана Казакстандын Архитекторлор Союзунун мүчөсү, бүткүл союздук (СССР) жана КМШ өлкөлөрүндө өткөн эл аралык архитектуралык сынактардын лауреаты жана жеңүүчүсү Ороз Байгожоевди эскерүү кечеси жана «Байгожоев атындагы» көргөзмө залы ачылып, ага архитектордун кайталангыс эмгектеринин эскиздери коюлуп, сүрөт көргөзмөсү өттү.
Эскерүү иш-чарасына Кыргызстандагы белгилүү архитекторлор, коомдук ишмерлер, Байгожоевдин замандаштары, шакирттери, туугандары жана студенттер катышты.
Аталган иш-чараны Байгожоевдин үй-бүлөсү жана шакирттери Ороз Байгожоевдин чыгармачылыгын, эмгектерин жаштарга таанытуу жана жаш архитекторлор андан идеяларды алып, кыргыз архитектурасын өнүктүрсө, анын эмгектерин окуу куралы катары пайдаланылса деген максаттар менен уюштурган.
Иш-чарада архитектордун инсандык бейнесин чагылдырган «Просто архитектор Ороз Байгожо» аттуу фильм даярдалып, катышуучуларга тартууланды. Ороз Байгожоевдин кесиптештери, шакирттери жана туугандары, кыздары эскеришти.
Алардын айтымында Ороз Байгожоев архитектор гана эмес, ар тараптуу талант болгон. Карандаштын күчү жетпеген нерсени ыр менен берген, комуз чапкан, ырдаган. Аз сүйлөп, коп иштеп, кыска убакытта «Жон эле архитектор Ороз Байгожо» деген өзү каалагандай ысым жараткан инсан болгон.
Белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков «Ороз менин студентим болгон. Жан дүйнөсү мага жакын сезилген төрт студенттин бири Ороз эле. Аны менен иштешпей калганыма өкүнөм. Ороз көчмөндөр ааламын иликтеди, аны эмгектеринде чагылдырууга чоң күч жумшады. Ички дүйнөсү геральдикага жакын болуп, бул тармактан атайын билими жок болсо да , табигый жөндөмү менен эмектерди жаратты. Азыркы учурга Ороздун эмгектери жетишпей турат, анын бир уникалдуу эскизи болсо, эң сонун болмок» деп эскерди.
КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер Мустафа Кидибаев «Ааламды, шаарды кооздогон архитекторлор. Ороз Байгожоев дагы эмгектери менен дал ошондой ааламды, шаарларды кооздогон, уникалдуу устат болду. Косметологдор адамды кандай сулууласа, архитекторлор да шаардын косметологу деп айтаар элем. Ороз экөөбүз алдыга чоң пландарды койгонбуз, бирок тагдырдын буйругу экен, көп иштер аткарылбай калды”.
Мээрим Байгожоева «Бүгүнкү иш-чараны уюштурган апам. Атамдын чыгармачылары абдан бай, алар аркылуу жаш архитекторлор идеяларды алып, окуу куралдары катары пайдаланып, кыргыз архитектурасы өнүксүн деген максат коюлган. Атамдын «Чыгармачылыгымды келечек муунга арнадым. Кайсы бир учурда абдан билимдүү, адамдык сапаттары күчтүү муун келет, ошолор менин эмгектеримди ишке ашырат. Ийгиликке жетүү үчүн күтө билүү керек» деген ойлору бар эле» — деп эскерди.
Эске салсак, таланттуу архитектор Ороз Байгожоев көчмөн маданиятын өз эмгектеринде камтып, эн тамганы, кадимки боз үйдү архитектурага киргизип, кайталангыс, өзгөчө эмгектерди жараткан. Анын Таластагы «Манас» комплекси, Бишкектеги «Манастын айылы», «Дасмия» этно-комплекси жана Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарындагы бир катар административдик имараттардын архитектуралык иштерин жасоого чоң салым кошкон.
Маалымат үчүн: Ороз Байгожоев Тоң районундагы Тогуз-Булак айылында 1958-жылы туулган. 1980-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура факультетин аяктаган. «Киргизагропромколхозпроект» институтунда эмгек жолун баштап, аталган институттун архитектуралык тобун жетектеп, айылдарды долбоорлоону ишке ашырган.
Өмүр жолун кыргыз архитектурасына арнаган Ороз Байгожоев 2020-жылы дүйнөдөн кайткан.