Таластын «көзөмөлдөөчүсү» кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү тапанча жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине «Баха» аттуу жаран киши ок атуучу курал сатуу аракетин кылып жүргөнү белгилүү болгон. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (ок атуучу куралды сактоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын аймагында атайын операция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Талас облусунун 1981-жылы туулган тургуну кармалган. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат (Талас облусу боюнча көзөмөлдөөчүсү).

Өздүк тинтүү учурунда анын жанынан номуру өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 7 грамм болгон «гашиш» баңгизаты табылган.

Related posts

Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” маселесин талкуулоо үчүн Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда 

admin

Ленин району боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгына айрым талапкерлер нааразы болушту

admin

Бишкекте аркан жол системасын киргизүү пландалууда

admin

Комментарий