11-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

11-октябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.

Related posts

Йакын Инкар” уюмунун мүчөлөрү радикалдуу көз караштарынан баш тартты

admin

Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барды 

admin

10 миллион сом кредит алып, төлөбөй койгон. Жасалма документ бергендер камалды

admin

Комментарий