Шашылыш билдирүү: өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-17-октябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы сакталат: 15-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын абдан катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

17-октябрда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Ал эми 16-17-октябрларда абанын температурасы мындан ары төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 3…8°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3 сууктан …+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 10…15°, тоо этектеринде түнкүсүн -4 сууктан …+1° жылуулука чейин, күндүз 1…6°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…5°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1 сууктан …+4° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4 сууктан …+1° жылуулука чейин, күндүз 2…7°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5°, бийик тоолордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° төмөндөйт. Өлкөдөгү мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

17-18-октябрларда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк мөмө жана жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошкага зыянын тийгизет.

Related posts

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен учуп кетти

admin

Бишкекте жаңы №101 автобус каттамы ишке кирди

admin

Күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт – 12-февралдагы аба ырайы

admin

Комментарий