Чаткалда кар көчкү алдында калган 6 жаранды издөөгө тик учак жөнөтүлдү

Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке буйругу менен тик учак бүгүн, 18-октябрда, саат 07:30да Ош шаарынан учуп чыкты.

9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жаран, жалпы 14 адам, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын издөөгө тоого кеткенден кийин дайынсыз болуп жатышкан. 16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында 8 жаран аман-эсен табылган, ал эми калган 6 кишинин кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Ошондой эле, куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышып турушат.

Related posts

Жарандарды опузалап акча талап кылгандыгы үчүн блогер Батма Жолдубаева кармалды

admin

УКМК: «Билим берүү жана илим министрлигиндеги аткаминерлер камалды»

admin

КР УКМК: Кадамжай районундагы мамлекетке кайтарылган жер тилкелери боюнча

admin

Комментарий