Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин тиешелүү сунуштамасын тааныштырды.

Аталган маселени кароонун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындоого макулдугун берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Related posts

Жаан жаайт. 30-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Конституциялык соттун төрагасына кылмыш иши козголду, — УКМК

admin

Селекцияда кескиленген келин. Операцияга 45 миң доллардан ашык акча кетери маалым болду

admin

Комментарий