Батыш автовокзалынын иши токтотулуп, каттамдар жаңы автобекетке көчүрүлүүдө

Батыш автобекетинин иши токтотулуп, каттамдар Алматы, 1/1 дарегиндеги жаңы автобекетке көчүрүлүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.

«Учурда Батыш жана «Ак жол» автобекеттеринен «Бишкек автобекетине» чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Чыгыш (Ысык-Көл, Нарын) багытындагы каттамдар жаңы автобекеттен кетет», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле батыш (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас) багытындагы каттамдар Фрунзе көчөсү, 209 (унаа базарынан кийин) дарегинен жөнөй турганы кошумчаланды.

Related posts

Төрага Нурланбек Шакиев Түркиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

admin

«Принцесса Дури»: УКМК 9 жаранды кармап, 8 килограмм баңгизат тапты

admin

Садыр Жапаров Дмитрий Биволго кымбат баалуу унаа тартуулады

admin

Комментарий