Жамалбек Ырсалиев: Күнүнө 3-4 миң сом таап атам деп мактанган айдоочулар бар экен

Накталай эмес төлөмгө өтүү шаардыктарга жол кирени арзандатат жана айдоочуларга да ыңгайлуу болот. Бул тууралуу Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.  

“Биз айдоочулардан күн сайын төлөм боюнча отчет алып тургандыктан, 21-октябрдагы сумманы айтайын:  накталай төлөмдөн 5 миллион 368 миң 718 сом түшкөн. Карта аркылуу төлөмдөр өзүнчө кетет, ал түз мэриянын бюджетине түшөт.

Коомчулукта жол кире боюнча туура эмес кабыл алып, көбүртүп-жабырткандар болду. Айрымдар жол кире 40 сом болот экен дешти. Накталай төлөмдө айдоочу алаксыйт, экинчиден, түшкөн акчанын кайсы бир бөлүгү айдоочулардын жеке капчыгына кетип жатат. Мен бардык айдоочулар деп айткандан алысмын, бирок “беш кол тең эмес” дейт,  2700 айдоочунун арасында чөнтөгүнө салып алгандар бар экен. Өздөрү деле “бир күндө 3 миң, 4 миң таптым” деп мактанып айтып жүрүшөт экен. Ошондуктан карта ыкмасын киргизели деп жатабыз. Карта менен төлөнгөндө каражат мэриянын бюджетине түз түшөт.

Ошондой эле бийликтегилердин жакындарына караштуу болгондуктан Тулпар картасын киргизип жатат дегендер болууда. Айтып коеюн, карта менен төлөгөндө каражаттын 50 пайызы мэрияныкы болсо, 50 пайызы BPC швейцариялык компанияга кетет. Бул компания   Кыргызстанда 2019-жылдан тартып расмий иштеп келатат. Мамлекеттик жана жеке менчиктик өнөктөштүктүн негизинде иш алып барып жатабыз”, — деди Жамалбек Ырсалиев.

Related posts

7-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ленин округунан депутатты шайлоо учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт 

admin

Стамбул шаарындагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалды

admin

Комментарий