Бишкектеги автобекеттин жабылышы боюнча мэрияга сындар айтылууда

Жогорку Кеңеште Батыш автобекеттеги каттамдарды жаңы вокзалга көчүрүүдө мэрия чабал иштегенин айтышты.

Алсак, депутат Бактыяр Калпаев жарандарга маалымат жетпей түшүнбөстүк жаралганын белгиледи. Буга утурлай, депутат Аида Исатбек кызы дагы бул маселе боюнча жарандардан кайрылуулар көп келгенин айтты.

«Автобекет качан көчүрүлө тургандыгы тууралуу толук маалымат берилген эмес окшойт. Кечээ автобекетке барып алган жүргүнчүлөр ыңгайсыз абалда калып, нааразы болушууда. Көчүрүп кетишти, эми ал жакка автобустар каттайт деп жатышат. Мэрияга кайрылат элем, ошол тууралуу да тагыраак маалымат берип койсоңор», — деди эл өкүлү.

Эске салсак, кечээ мэрия Батыш автобекетинин иши токтотулуп, каттамдар Алматы, 1/1 дарегиндеги жаңы автобекетке көчүрүлгөнүнү тууралуу айтылган. Алдын ала маалымат берилбегендиктен барып алгандар убара тартышкан.

Ал арада муниципалитет мурунку Батыш автобекетинен жаңысы жайгашкан Алматы, 1/1 дарегине №13 автобус каттап жатканын билдирди.

Related posts

Соттордо жана өкмөттө гендердик балансты камсыздачу мыйзам сунушталды

admin

КР УКМК: Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо фактысы боюнча чет өлкөлүк жаран кармалды

admin

Мэрия менен Панфилов паркы аттракциондон кулаган кыз боюнча үн катты

admin

Комментарий