Кыргызстан менен Түркия тасма жана сериалдарды биргелешип тартат

Кыргызстан менен Түркия биргелешкен кино жана сериалдарды тартууга киришет. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Бишкектеги Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитинин алкагында билдирди.

Министрдин айтымында, эки өлкөнүн ортосунда аудиовизуалдык продукция өндүрүү боюнча кызматташуу келишими түзүлдү. «Бул келишим Түркия менен биргелешип кинотасмаларды, видеоматериалдарды жана сериалдарды жаратууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, биз тажрыйба алмашабыз, бул глобалдык кинопродукция тармагында өзгөчө мааниге ээ. Жакында эле Италия менен ушундай эле келишимге кол койгонбуз», — деп белгиледи министр.

Related posts

7 саатта Британияга жумушка баруу үчүн 26 миңден ашуун адам арыз берди

admin

Бишкекте жер титиреди. Соцтармакта көбү жүрөгү оозуна кептеле түшкөнүн жазышууда

admin

27-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий