Садыр Жапаров: «Аспеков, Темиров дегендердин жалаасы мага чымын чаккандай да болбойт»

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берип, Мелис Аспековдун видео кайрылуулары боюнча комментарий берди.

— Саясат менен иши жок адамдар сөз кылса да, “Ии, Аспековдун апыртмасына ишенип алыптыр” дейт элек, бирок белгилүү эле журналисттер Сабыр Муканбетов, Канышай Мамыркулова “Мамлекет башчыга көө жабылды, оор айып тагылды, Темиров менен Аспековдун айыптоолору ажого катуу тийди” деп комментарий беришүүдө. Чындап эле сизге ушул билдирүүлөр катуу тийип жатабы?

— Аспеков, Темиров дегендердин жалаалары мага чымын чаккандай да болбойт. Жооп да бербейм. Эмне кылам аларга убактымды коротуп, жооп берип. Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат.

Ал эми Канышай, Сабыр дегендериң алар “үрүп чыккан иттердин” бири. Аларга көңүл бурбай эле койгула. Алар мамлекетте болуп жаткан жакшылыктарды, өнүгүүнү көрө албаган кыргыз элинин душмандары. Тыштан каржыланган “котур ташы койнундагылар”. Алар өлкөдө ызы чуу, баш аламан болуп турса чөнтөгү кампайып, курсагы тоюп, көңүлү көтөрүлүп турган немелер.

Related posts

«Бир сөз үчүн камап, соттоп дегенди токтотолу». «Көл жакка» ырынын аткаруучусу ырды өчүргөнүн айтты

admin

Ташиев: «Элиталык» сойкуларды депутаттар, бизнесмендер колдонушат»

admin

Олимпиадалык курамдын капитаны Махмудов болот, бирок желекти Шеров көтөрүп чыгат

admin

Комментарий