Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жаан, кар жаашы күтүлөт

Кыргызстанда 13-14-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

15-16-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° ка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Related posts

Эрбол Султанбаев: «MegaCom жеке колго же чет өлкөлүк компанияларга өтүп кетпейт» 

admin

Бириккен айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо. Кеңештердин уюштуруу сессияларынын биринчи күнүндө 51 төрага шайланды

admin

Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев көз жумду 

admin

Комментарий