Дарыгерлер учурда балдар ооруканасына күнүно канча бала кайрылаарын айтышты

Мурда күнүнө 200гө чейин бала кабыл алсак, азыр 400-500 бала келип жатат. Бул тууралуу шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын педиатры Бейшегүл Дамирбекова бүгүн «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Ал белгилегендей, балдардын көп ооруп жатканы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ОРВИ жана сасык тумоонун күч алышына байланыштуу болууда.

«Бизде дарыгерлер жетишпейт, бир алмашууда 5 гана дарыгер, ар бири 100 баланы кароого туура келет. Айрыкча дем алыш күндөрү, дүйшөмбү жана кечинде бейтаптардын агымы көп болот. Себеби, ата-энелер күндүз жумушта болушуп, дене табы көтөрүлүп, жөтөлгөн балдарын бала бакчага калтырышат. Күндүз 40-50 бала болсо, кечинде алардын саны 90-100гө чейин көбөйөт. Алар 2-3 саат кезекке турганда башка ооруларга чалдыгышат. Балдар канааттандырарлык абалда келишет, бирок кээде оор абалда келишет. Көбүнчө биринчи же экинчи күнү ооруп жаткан балдар келишет, андай балдарды кабыл алып, үйлөрүнө жөнөтөбүз. Оор оорулууларды, өзгөчө пневмонияга чалдыккандарды ооруканага жаткырабыз. Эгерде алар бронхит менен ооруса, анда биз дарылайбыз жана келечекте аларды үй-бүлөлүк дарыгери байкап турушу керек, бирок көп ата-энелер буга көңүл бурбай, дароо бизге алып кетишет. Баланын абалы начарлап кетсе, үй-бүлөлүк дарыгер ооруканага жаткыруу үчүн жолдомо бериши керек», — деди ал.

Related posts

КР УКМК: Ош облусунда Ош ОИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

mediaportalk

Түркиялык адистер Кыргызстандын органдарды алмаштырууга даярдыгын баалап жатышат

mediaportalk

Күндүз +26° чейин — 30-октябрга аба ырайы

mediaportalk

Комментарий