Камчыбек Ташиев: «Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолду декабрь айына аякташ керек»

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жалпы узундугу 3,5 чакырымга жакын жолдун курулуш иштеринин солгундап жатышын сындап, тийиштүү жетекчилерди ыкчам кыймылдап, жумуштун жүрүшүн тездетүүнү талап кылды. Жолдун курулушунун алкагында буздурулушу керек болгон турак-жайларды мыйзам чегинде тургундарга компенсациясын төлөп берүүну жана түшүндүрүү иштерин да активдүү жүргүзүүнү милдеттендирди. Эгер жолдун курулуш иштери ушул жылдын декабрь айларында бүткөрүлбөсө, тийиштүү чаралар көрүлөөрүн эскертти.

Жол транспорт министрлигинин өкүлү тийиштүү тапшырмаларды алып, коюлган мөөнөткө жумуштар аткарылаарын билдирди. Ал эми Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болсо жумуштун жүрүшүн көзөмөлдөп, уюштуруу иштерин тездештирүү милдетин алды. Калк арасында «Т» деп айтылып келген тилкеден Ош шаарына туура кирип баруучу жолдун курулушу иштери өткөн жылдын декабрь айында башталган. Бул жол пайдаланууга берилсе, Ош шаарына кирүүдө 6 чакырым жол кыскарат.

Related posts

Төө-Ашууда өрттөнгөн унаа. Экинчи милиция кызматкери оор абалда ооруканада

admin

УКМК: Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы аянты 800 чарчы метр 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү

admin

Муслим, Мухлиса, Мухаммед. Чүйдө 3 эм төрөгөн энеден кабар алышты

admin

Комментарий