Бишкекте кар жаайт. 14-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

14-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +1…+3 градус болот.

Related posts

Дастанчы Азиз Батыровдун шакирттери эл аралык сынакта Кыргызстандын намысын коргойт

admin

Москвада сабалган кыргызстандык таксист. Кылмыш иши козголду

admin

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы чечилди, эми кооптуу көйгөйлөр жаралбайт – активист 

admin

Комментарий