Камчыбек Ташиев шайлоо боюнча: «Добуш сатып албагыла»

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шайлоочуларга кайрылды.

«17-ноябрда жергиликтүү кеңешке шайлоо болот. Партияларды, талапкерлерди текшердик. Мамлекет тарабынан шарттар түзүлдү. Бийлик бир да партияны, талапкерди колдобойт. 3 күн убакыт бар. Кечээ эле бир чоң партия добуш сатып алууну көздөшкөн. Ошонун баарына мыйзам чегинде чара көрүп жатабыз. Укук коргоо органдары шайлоо тилкелеринде иштешет. Шайлоочунун добушун сатып албагыла. Талап ошондой. Мындан ары шайлоо ушундай өтөт», — деди төрага.

Related posts

26-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

КРСУда «Кытай заманбаптык жолунда» аттуу эл аралык конференция өттү

admin

Садыр Жапаров ЖЭБдеги өрттөн күйүк алгандарга барды

admin

Комментарий