Темирлан Султанбеков добуш сатып алуу боюнча шектелип камакка алынды

“Социал-демократтар” саясий партиясынын бир нече мүчөсү добуш сатып алуу боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда аталган партиянын мүчөлөрүнүн шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тарап кеткен. Анын негизинде Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш ишине байланыштуу «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана анын партиялаштары — К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р., А.Б. — суракка алынган. Алардын ичинен К.И., Т.Р. жана Темирлан Султанбеков камакка алынып, добуш сатып алгандыгы боюнча айыпталууда. Камакка алынган жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Related posts

Кытайда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өлкөдө канча баллга чейин сезилди?

admin

КР УКМК: КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

admin

Депутат Самыйкожо: «Окуучуларга сабак учурунда телефон колдонуусуна тыюу салынышы туура»

admin

Комментарий