Ысык-Көлдө кыш чыгаруучу заводдун курулушу каржыланды

БИШКЕК, 19-ноябрь. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылында кыш чыгаруучу заводдун курулушун каржылаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 6,5 миллион долларды түзөт. Завод бир суткада 200 миң кыш өндүрүүгө жөндөмдүү.

РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиковдун билдирүүсүнө караганда, заводдо 90 жумуш оруну түзүлөт, ал эми өлкө бюджетине жылына 15 миллион сомго чейин каражат түшүп турмакчы.

Related posts

Жамгыр жаап, үшүк жүрөт — 24-сентябрга аба ырайынын божомолу

admin

Мексикада түнкү клубдун айнек балкону сынып кетип, 3 адам каза болду

admin

24-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий