Абактагы Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызын УКМК да иликтеп жатат

Башкы прокуратура №31 тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызды Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы каттаганын жана тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул иш боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коопсуздук кызматы да кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.

Имамидин Ташов KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү болуп саналат. Анын апасы Саибжамал Абдукаимова уулунун ушул жылдын июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын билдирген. Ташов өзүнүн кыйноого кабылганын кат жазып, адвокатынан апасына жөнөткөн, анда 11-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКда кыйнаганын жазган.

30-октябрда Ташовдун денесинде оор жаракаттар болгондуктан, ал ооруканага жеткирилген. Биринчи май райондук соту анын жайларын кайрадан өзгөртүп, аны Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына (башкача айтканда №1 тергөө абагы) которгон.

Ташов УКМК тарабынан 22-апрелде кармалган жана ага «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен айып коюлган. Анын кармалышы Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөнү менен байланыштуу.

Related posts

Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

admin

Өзгөндө 200 миң сом пара алып жаткан жеринен салыкчы кармалды. Акча анын чөнтөгүнөн табылган

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды.

admin

Комментарий