Ташиев комплекстүү жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык мелдешке катышкан УКМКнын кызматкерлерин кабыл алды

Бүгүн, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев ЖККУнун Башкы катчысынын Кубогу үчүн күч түзүмдөрүнүн арасында болуп өткөн комплекстүү жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык турнирге катышкан УКМКнын 9-кызматынын аскер кызматкерлерин кабыл алды.
Аталган турнир Россия Федерациясынын Москва облусунун Одинцово районунда өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 7 медаль: 1 күмүш, 6 коло медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте Кыргызстан 3-орунга чыкты.
КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери:

  1. Команданын башкы машыктыруучусу “Калкан” атайын багыттагы башкармалыгынын улук офицери -У.Н.А;
  2. Ж.А. – 3-орун.
    Ал эми КР УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери: А.Б.– 3-орун, А.О. –2-орун, Ж.у.М. – 3-орун, Ж.у.Э. – 3-орун, К.Д. –3-орун, К.М. – 3-орун, аталган кызматкерлердин сыйлыктары жайгашкан жери боюнча Баткен облусунда ыйгарылат.
    УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.Ташиев мушкерлерди жеңиши менен куттуктап, аларга бекем ден соолук жана спорттук жетишкендиктерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ар бир аскер кызматчысы өз милдетине ишенимдүү болуп, улуттук коопсуздукту коргоодо кызмат кылышы керектиги белгиленди.
    Жолугушуунун жыйынтыгында УКМК төрагасы өзгөчөлөнгөн спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.

Related posts

Билим берүү министри Бейшеналиев $110 миң пара алууга шектелип кармалды

admin

Акылбек Жапаров «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

admin

Айрым жерлерде жаан, кар жаайт — Кыргызстанда 8-январга карата аба ырайы

admin

Комментарий