25-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Синоптиктердин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз күн ачык болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түштү. Тоо этектериндеги жана тоолуу аймактардагы жолдордо тоңголок пайда болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:
Түнкүсүн -2…+3°, күндүз +9…+14°

Талас облусунда:
Түнкүсүн 0…-5°, күндүз +5…+10°

Ысык-Көл облусунда:
Түнкүсүн -4…+1°, күндүз +5…+10°

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында:
Түнкүсүн 0…+5°, күндүз +10…+15°

Нарын облусунда:
Түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…+5°

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз +11…+13° жылуу болот.

Related posts

Садыр Жапаров: «Мамлекеттик ипотека менен бардык катмарды камсыз кылганга аракеттерди баштадык»

admin

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 40 миңден ашты 

admin

Ушул айда кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат?

admin

Комментарий