Борбор калаада троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустар элди тейлей турганы айтылды.

Бишкек шаарында транспорттук кызматтарды жакшыртуу максатында төрт троллейбус каттамы убактылуу автобустарга алмаштырылды. Шаардык муниципалитеттин маалыматына ылайык, №4, 5, 8 жана 10 троллейбус каттамдары эми ошол эле номердеги автобустар менен тейленет.

Бул өзгөрүү жаңы автобус линияларын ишке киргизүү менен байланыштуу. Ал эми №14 жана №17 троллейбус каттамдары жакынкы келечекте калыбына келтирилери белгиленди. Учурда троллейбус автобазаларында электр кубаттоочу түзүлүштөрдү орнотуу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул иштердин жүрүшүндө троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулган.

Мындан тышкары, троллейбустардын ордуна эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап электробустарды пайдалануу пландалууда. Бул жаңылануу экологиялык таза жана сапаттуу коомдук транспортту камсыздоого багытталган.

Related posts

Кумтөр Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы социалдык жактан муктаж үй бүлөлөргө жардам көрсөттү

admin

Элдик курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилди

admin

Ташкентте катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

admin

Комментарий