«Яндекс.Такси Корп» ЖЧКсы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы боюнча

УКМК тарабынан 2024-жылдын 29-ноябрында өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Яндекс. Такси Корп » ЖЧКсынын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Тактап айтканда, «Яндекс. Такси Корп» жана анын өнөктөштөрү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат.
Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
КР УКМК ишкердик субъекттерине КР мыйзамдарын бузуу жана жарандардын кызыкчылыктарын эске албастан, көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын жасалма жогорулатууга жол берилбестигин эскертет.

Related posts

На Чуй-Т.Айтматова «Соната» врезалась в припаркованные машины. Видео

admin

Россия ЖККУдан жардам сурашы ыктымалбы? Путиндин жообу

admin

Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекеттин мойнуна жүктөлсүн. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

admin

Комментарий