ӨКМ: «Сосновка» постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

«Сосновка» жана «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген чектөөлөр алынып салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр Бишкек — Ош жолунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан коопсуздук максатында киргизилген. Бүгүн таңкы саат 8:30дан тартып «Сосновка» постундагы чектөөлөр жокко чыгарылды, ошондой эле «Арал» постундагы чектөө да алынды.

Жолдун учурдагы абалына байланыштуу айдоочуларга этият болуп, жол эрежелерин так сактоо сунушталат.

Related posts

«Үчөөнү кайсы кара теке сүздү билбейм». Садыр Жапаров «чайхана чатагы» боюнча үн катты

admin

АКШда аномалдуу суук жана начар аба ырайынан улам 91 адам каза болду

admin

Бивол Дүйнө чемпиондугун ийгиликтүү коргоп калды

admin

Комментарий