Кыргызстандын желегин унаанын артындагы устунга байлап алган айдоочу кечирим сурады

Кыргыз туусун унаадан чыккан устундарга байлап алган айдоочу жана тактайлардын ээси милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Бул факты боюнча Ош шаардык кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочу жана байлаган жаран аныкталып, тийиштүү чара көрүү үчүн, Ак-Буура РИИБге жеткирилген. Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулган.

Басма сөз кызматы жарыялаган видеодон унаанын айдоочусу менен жыгат ээси кечирим сураганын көрүүгө болот.

Related posts

КР УКМК: Ош облусунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 452 миллион 100 миң сомдук 41 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

admin

Өзгөчө кырдаалдар министри Түптөгү сел жүргөн айылдарга барды (сүрөт)

admin

Нарында кар көчкү топоздорду басып калган видео тарады

admin

Комментарий