Талас шаарындагы аянты 0,17 га болгон административдик имарат мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Кыймылсыз мүлк объектилерин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас шаарынын борборундагы аянты 0,17 га болгон, буга чейин Талас аймактык кооперативдик союзу колдонуп келген административдик имарат мамлекеттин балансына кайтарылды. Анын болжолдуу баасы 10 миллион 213 миң 623 сомду түзөт.

1998-жылдан азыркы учурга чейин кооперативдик союздун өкүлдөрү тиешелүү документтери жок административдик имаратты мыйзамсыз пайдаланганы аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында кооперативдик союздун өкүлдөрү КРнын жер мыйзамдарын бузгандыгын моюнга алышып, жалпы чечимдин негизинде административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү үчүн мамлекеттик кадастр мекемесинин Талас филиалына арыз беришти.

Азыркы учурда административдик имарат КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлүп берилди.

Related posts

Президент кол койду. Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон берилет

admin

«Чай берип турбайсың». Президент Оштун депутаттарынын мэрге ишенбөөчүлүгү жөнүндө үн катты

admin

Туман каптайт. 19-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий