Tunduk тиркемесинде жаңы санарип кызматтар ишке кирди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Түндүк» тиркемеси аркылуу бир катар документтерди экинчи ирет онлайн алууга мүмкүнчүлүк берген кызматтарды ишке киргизди.

Эми жарандар төмөнкү документтерди онлайн ала алышат:

  1. Никени каттоо жана бузуу тууралуу күбөлүк;
  2. Аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүк;
  3. Өлгөндүгү тууралуу маалымкат.

Документ алуу үчүн кадамдар:

  1. Кызматты тандаңыз — тиешелүү документтин түрүн тандап алыңыз.
  2. Күбөлүктүн түрүн көрсөтүңүз — керектүү документти белгилеңиз.
  3. Маалыматтарды киргизиңиз — талап кылынган маалыматтарды толтуруңуз.
  4. Жеткирүү кызматын тандаңыз — зарыл болсо, документти жеткирүү мүмкүнчүлүгүн тандаңыз.
  5. Сүрөт идентификациясынан өтүңүз — системанын коопсуздук текшерүүсүнөн өтүңүз.
  6. Электрондук кол тамга колдонуңуз — булуттук электрондук кол тамга менен арызга кол коюңуз.
  7. Төлөмдү жүргүзүңүз — жооп алгандан кийин акыны MegaPay аркылуу төлөңүз.

Жеткирүү баасы:

  • Күбөлүктү жеткирүү кызматы үчүн 142 сом төлөнөт.

Бул жаңылоо жарандардын убакытты үнөмдөп, кагаз түрүндөгү документтерди алуу үчүн мамлекеттик мекемелерге баруу зарылдыгын жоюуга багытталган.

Related posts

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан мектеп окуучусу Бишкекте табылды

admin

Бишкекте кыздар соцтармак аркылуу балдар менен таанышып, аларды каракчыларга салып берип турушкан

admin

Дүйнөдөгү эң кары адамдардын бири 117 жашка чыкты. Ал тууралуу кызыктуу фактылар

admin

Комментарий