Коррупциялык иш: Укук коргоо органдарынын иликтөөсү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин экс-министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С.И. коррупцияга шектелип кармалды.

Маалыматка ылайык, ал 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган мезгилде, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп алганы аныкталган.

Учурда жогоруда аталган кыймылсыз мүлктүн наркы 626 миллион сомду түзөт.

Мындан сырткары, белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы иликтенүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Related posts

«Акыркы сабактагы» Кутман менен Океана наристе күтүп жатканын ачыкташты

admin

Башкы прокуратуранын жанынан бир киши өзүн өрттөөгө аракет кылган. Себеби

admin

Адахан Мадумаровдун уулу мас абалында унаа айдаганы үчүн 1 жылга айдоочулук укугунан ажыратылды

admin

Комментарий