Бишкекте «Жандуу китеп» аттуу жаңы форматтагы иш-чара өтөт


Бишкек шаарында, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада, «Тоо Балдары» Коомдук фонду тарабынан уюштурулган уникалдуу — «Жандуу китеп» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Улуттук Китепканадан билдиришти.


Уюштуруучу топтун айтымында, жандуу китеп» – бул китептердин ар түрдүү темаларын жандуу маектер түрүндө изилдөөчү кызыктуу долбоор. Аталган иш-чаранын өзгөчөлүгү, анда китептер кагаздан эмес, жандуу адамдардын өздөрү болуп, алар өздөрүнүн уникалдуу тажрыйбалары жана окуялары менен бөлүшүшөт. Катышуучулар «китеп» катары өздөрүнүн окуяларын айтып, ал эми «окурмандар» суроолор берип, жаңы темалар боюнча талкуу жүргүзүшүп, жаңы ой-булоолорду ачышат.


«Иш-чаранын негизги максаты – стереотиптерди жоюу, жандуу диалог түзүү жана адамдар арасында өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү. Ошондой эле, бул долбоор адамдардын жашоосундагы ар түрдүүлүктү жана коомдогу ынтымакты өркүндөтүүгө багытталат», — дешет уюштуруучулар.


Бул долбоор стереотиптерди жана кыйынчылыктарды жоюуу менен бирге, ар бир адамдын өзүнүн тажрыйбасы аркылуу билим алуу, түшүнүү жана диалог куруу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Иш-чаранын максаты – адамдарды ар тараптуу түшүнүүгө үндөп, коомдогу ар түрдүүлүктү кеңейтүү жана өз ара байланыштарды чыңдоо.Белгилүү болгондой, иш-чаранын негизги максаты коомду бириктирүү, ар түрдүүлүктү жана түшүнүүнү жандандыруу болуп саналат. Уникалдуу долбоорго 2024-жылдын 14-декабрында өтөт.


Иш-чаранын катышуучулары
1.Олжобай Шакир – жазуучу
2.Абдыраев Эдиль – ишкер, «Бизнестеги сабырдуулук» темасы боюнча
3.Насыпбек Асанбаев – жазуучу, «Балдар адабияты маанилүүбү?»
4.Урмат Борченов – алып баруучу, «Акыйкатсыздыкка чыдамсыздык»
5.Жусупбеков Үзүр – Грек-рим балбаны, Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси, «Спорттогу сапарым»
6.Шамбаева Бурул – мугалим, «Мен мугалиммин»
7.Аманазаров Курманбек – мергенчи, улуу тоодо 8 ай жалгыз жашаган адам, «Менин тагдырым»
8.Алмамбет Осмон уулу – устаз, теолог, «Куранды кыргызчага которуу тажрыйбасы»


Маалымат алуу үчүн байланыш:
«Тоо Балдары» Коомдук фонду
Телефон: +996 222040377
Электрондук почта: toobaldar@gmail.com

Related posts

Бишкекте «көпөлөк» рейди жүрө баштагандан тарта 1600дөн ашык кыз аныкталган (видео)

admin

Балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 1-орунду ээледи

admin

Москвада кыргызстандыкка эки жолу ок атып, 100 миң долларын тоноп кетишти

admin

Комментарий