16-декабрга карата аба ырайы

16-декабрь, дүйшөмбүдө, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күндүн биринчи жарымында кар жаашы күтүлөт, ал эми экинчи жарымында айрым жерлерде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Ошондой эле зымдарга жана бактарга суу кар жабышуусу мүмкүн экени айтылды.

Абанын температурасы аймактар боюнча:

  • Чүй облусу: -4…-9°C
  • Талас облусу: -3…-8°C
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары: 0…-5°C
  • Ысык-Көл облусу: -1…-6°C
  • Нарын облусу: -5…-10°C

Шаарларда аба ырайы:

  • Бишкек: түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, температура -4…-6°C
  • Ош: түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, температура 0…-2°C

Күндүн суук болушу жана кар жаашы себептүү жарандарга жылуу кийинип, жолдордо этият болуу сунушталат.

Related posts

Бишкекте электр жарыгы эмне себептен өчтү? Улуттук энергетикалык холдин жооп берет

admin

Күйгөн унаанын айдоочусун куткарган соң көз жумган милиция кызматкерлери сыйланды

admin

Президент куран окуу боюнча сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту

admin

Комментарий