«Хизбут-Тахрир»диний-экстремисттик уюмунун ири структуралык тармагы нейтралдаштырылды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте Маалыматтарды эсепке алуунун электрондук журналынын автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган материалдардын алкагында Жалал-Абад облусунун аймагында туруктуу түзүмү бар «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун ячейкасын нейтралдаштыруу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүздү.
Аталган иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасында тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 22 активдүү мүчөсү кармалды. Алар «Жалал-Абад шаары боюнча масула»-жетекчиси, «беш накиб» — руханий устаттары, «сегиз мушриф» — окутуучулардан куралган, өз кезегинде акыркылары 3-5 окуучудан туруп, алар экстремисттик идеологияга жашыруун шарттарда окутулган.
Туруктуу диний-экстремисттик топ бир нече жылдар бою Жалал-Абад шаарынын тургундары арасында деструктивдүү идеологияны пропагандалоо, жаңы адептерди жалдоо, интернет сегментинде фейк аккаунттарды түзүү, ошондой эле КР аймагында экстремисттик материалдарды көбөйтүү жана жайылтуу үчүн жашыруун басмакананы пайдалануу менен алектенишкен
Кармалган «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрү «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, мыйзамга каршы диний уюмдар арасында баракчаларды таратуу менен алектенишкен.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун жашыруун басмаканасы орнотулуп, көп сандаган экстремисттик адабияттар, баракчалар жана башка материалдар даярдалган компьютердик жана көчүрмө техника алынган, ошондой эле жашыруун жолугушуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында КР укук коргоо органдарынын контр байкоосун аныктоо үчүн квадрокоптер (дрон) колдонулган.
Кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Түзүмдүк ячейкаларды жана башка кылмыштуу байланыштарды орнотуу боюнча зарыл болгон ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.
КР УКМК жарандарды Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу эскертет.

Related posts

Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлигин койгондордун саны 12ге жетти

admin

Бишкекте төрөлгөн үч эмге Садырбек, Камчыбек, Ынтымак деген ысым ыйгарылды

admin

Ташкентте Өзбекстан – Кыргызстан достук коомунун жыйыны өттү

admin

Комментарий