Сирияда козголоңчу топторду Коргоо министрлигине бириктирүү аракети жүрүүдө

Сириядагы козголоңчулардын жетекчиси аль Шараа өкмөттүн жаңы түзүмүнө кошулууну макулдашты

Сириядагы козголоңчулардын лидери Ахмед аль Шараа (Абу Мухаммед Аль Жулани) шейшемби күнү козголоңчу топторду жоюп, аларды Коргоо министрлигинин алдына бириктирүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу Сириянын жаңы администрациясы билдирген.

Өткөн аптада Сириянын өкмөт башчысы Мухаммед аль-Башир аскердик мекемени өзгөртүп, ага козголоңчу топтордун жана Башар Асаддын армиясынан качып кеткен аскерлерди кошууну сунуштаган.

Reuters агенттиги жазгандай, аль Шараанын алдында татаал тапшырма турганын белгиледи. Ага Асаддын режимине каршы чыккан козголоңчулардын ич ара чыр-чатактарын жоюу жана биримдикти сактоо тапшырылган.

Сириянын убактылуу өкмөтүнүн коргоо министри болуп «Хайят Тахрир аш-Шам» тобунун башында турган Мурхафа Абу Касра дайындалды. Бул топ АКШда жана бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган.

Аль Шараа акыркы күндөрү Дамаскка келген Батыш дипломаттарын мурдагы бийликке өч алуу ниетинен же этникалык жана диний азчылыктарга кысым көрсөтүүдөн баш тартаарына ишендирүүгө аракет кылды.

Башар Асад 8-декабрда козголоңчулардын чабуулунун натыйжасында бийлигин таштап, Сириядан качууга аргасыз болгон.

Related posts

Ысык-Көлдө 13 кытай туристи кармалды. Алар эмнеге шектелүүдө?

admin

Акылбек Жапаров Токиодогу кыргыз продукциясы сунушталган көргөзмөгө барды

admin

Өзгөндүн борбордук базарынан өрт чыкты

admin

Комментарий