Татарстанда фермадагы өрт алты мигранттын өмүрүн алды

Орусиянын Татарстан жумуриятынын Елабуга районундагы ферма комплексинде 24-декабрга караган түнү тутанган өрт алты мигранттын өмүрүн алды. Өрт мал чарба комплексинин аймагындагы жыгачтан курулган үйдө болуп, анда 40тан ашык мигрант убактылуу баш калкалап турушкан. Өрт чыкканда 33 адам сыртка чыгууга үлгүрүшкөн, ал эми алты адамдын сөөгү өрт өчүрүлгөндөн кийин табылган.

Каза болгондордун көпчүлүгү Өзбекстандын жарандары экени кабарланууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттүн себеби электр жабдыгын туура эмес колдонуу болуп саналат. Өрт 300 чарчы метрди каптап, чоң зыян келтирген.

Татарстандын тергөө комитети кокустуктан адам өлүмүнө жеткирүү, шалаакылык жана мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча кылмыш ишин козгоду. Республиканын президенти Рустам Минниханов тиешелүү кызматтарга фермаларда убактылуу баш калкалаган жайларды текшерүүнү тапшырды.

Related posts

Кыргызстандагы төрт облустук милицияга жаңы жетекчилер дайындалды 

admin

Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

admin

Күйгөн унаанын айдоочусун куткарган соң көз жумган милиция кызматкерлери сыйланды

admin

Комментарий