КР УКМК «Ден соолук үчүн бирге» коомдук фондунун «Нур+» реабилитациялык борборундагы балдарды жаңы-жылы менен куттуктады

Бүгүн, 2024-жылдын 26-декабрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасынын тапшырмасы менен УКМК кызматкерлери «Ден соолук үчүн бирге» коомдук фондунун «Нур+» реабилитациялык борборундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жаңы-жылы менен куттукташты.
Маалымат үчүн: «Ден соолук үчүн бирге» коомдук фонду 2011-жылдын апрелинде ДМЧ (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген) балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо максатында негизделген. Коомдук фонд иштеп жаткан мезгилде 300дөн ашык бала реабилитация боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алышкан. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 33 баланын ата-энеси жана жакын туугандары акысыз медициналык билим алышып, алар дефектология, логопедия жана психология негиздерине окутулган.
Ошентип, КР УКМК кызматкерлери салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө КР УКМК башчысынын жана эмгек жамаатынын атынан аталган мекеменин тарбиялануучуларын майрамы менен куттукташып, белек топтомдорун жана дене тарбиялык дарылоо үчүн жабдууларды тапшырышты. Ошону менен бирге, коомдук фонддун ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга материалдык базаны жакшыртууга жардам катары 300 миң сом өлчөмүндө акча каражаты (КР УКМК бөлүмдөрүнүн биринин бир күндүк эмгек акысы) берилген.
Өз кезегинде реабилитациялык борбордун кызматкерлери жана ДМЧ балдардын ата-энелери ыраазычылыктарын билдирип, көрсөтүлгөн жардам, финансылык каражат коомдук фонддун имараттарын ижарага алууга жумшаларын белгилешти.КР УКМК «Ден соолук үчүн бирге» коомдук фондунун «Нур+» реабилитациялык борборундагы балдарды жаңы-жылы менен куттуктады

Related posts

Бишкекте таштанды үчүн 600 контейнер сатып алынды

admin

КР УКМК: Куралдуу кол салуунун дагы бир катышуучусу кармалды

admin

Өзгөндө 200 миң сом пара алып жаткан жеринен салыкчы кармалды. Акча анын чөнтөгүнөн табылган

admin

Комментарий