КР УКМК: Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары»ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынынжооптуу кызматкери кармалды.

   КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
    Алсак, 2024-жылдын 25-декабрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1 млн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору 1983-жылы туулган К.С.Ж. кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
   Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран материалдык кызыкчылыкты көздөп, жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган.

Related posts

«Үчөөнү кайсы кара теке сүздү билбейм». Садыр Жапаров «чайхана чатагы» боюнча үн катты

admin

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды

admin

«Эл-журтка уят болуудан алыс болуңуздар». ИИМдин башчысы жаңы жетекчилерге кайрылды 

admin

Комментарий