КР УКМК: Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды

   КР УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында Бишкек шаарынын "Ак-Өргө" конушундагы Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 батир мамлекеттин кирешесине алынды.
   Тактап айтканда, 20 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алуу фактысы аныкталып, учурда ал жерге социалдык, маданий-тиричилик объектилери, жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 10 кабаттуу турак жай курулуп жатат.
   Маалыматка ылайык, жер тилкелерин алгач жеке адамдарга берүү учурунда мыйзам бузуулар болгон.
   Мындан улам, колдо болгон материалдарды колдонуу менен курулуш компаниясы курулуп жаткан имараттан жалпы аянты 897 чарчы метр (баасы 89 миллион 367 миң сом) 15 батирди мамлекетке өткөрүп берди, аталган үйлөрдүн курулушун аяктоо 2027-жылдын 1-жарым жылдыгына пландаштырылган. 
   Азыркы учурда УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз өткөрүп берүү жана сатып алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштер улантылып, укукка каршы жосундарды жасоого көмөк көрсөткөн кызмат адамдары жана башка адамдар такталууда.

Related posts

УКМК: Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча З.Т.И. аттуу КР жараны кармалды

admin

Элден айланса болот. Ат-Башыда 600 түк чөбү өрттөнгөн жаранга тургундар чөп чогултуп беришти

admin

Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль алды

admin

Комментарий