Мөмө жемиштен көп түшүм алган чемпиондор белгилүү болду

Өлкө боюнча өрүк жана малина өстүрүүдөгү чемпиондор аныкталды. Алар – Эргашев Кабылбек жана Аблес Жаныбеков. Фермер Кабылбек мырза өрүк өстүрүп, 2011-жылы отургузулган 3 гектардагы 750 түп өрүк багынан 12 тонна өрүк кагынын түшүмүн жыйнап, 2 млн сом киреше тапты. Ал эми 0,5 гектар эрте бышуучу өрүктүн сортунан үчүнчү жылы 3000 кг түшүм алып, 600 миң сом пайда көргөн. Аблес Жаныбеков болсо малина өстүргөн участкасынан сезонуна 1 гектарынан 17 тонна малина чогултууда.
Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, жакшы киреше тапкыңыз келеби? Анда, багбанчылыкта чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 28, 29, 30 жана 31-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, өрүк, малинана өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары менен бөлүшөт.
Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0770850015 (Турат Идрисов), Министрликтин бөлүм башчысы.

Related posts

Энергетика министрлиги: Көмүр биринчи иретте элге эмес, ЖЭБке берилет 

admin

Бишкекте өлкөнүн башкы балатысын алуу иштери башталды

admin

Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болот

admin

Комментарий