Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрүлдү

   2025-жылдын 11-январында КР УКМК тарабынан бардык мамлекеттик кызмат башчыларынын, укук коргоо органдарынын жана муниципалитеттин жетекчилери менен кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга жалпысынан 400 адам катышты.
   Жыйындын катышуучуларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 31-декабрында бекитилген) жөнүндө маалымат берилди.
   Ошондой эле, КР УКМКнын өкүлдөрү тарабынан  катышуучуларга  статистикалык маалыматтар жана коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча 2020-2024-жылдар аралыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. 
   Мындан тышкары жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө катуу эскертүү берилди. Коррупция фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн алкагында соттолгон адам жана анын жакын  туугандары белгилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө тыюу салууга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Муну менен катар күнөөлүү адамдар жаңы мыйзамга ылайык мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп берүү менен эркинен ажыратылат.

Related posts

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы кызыл сызыкка чыгып кеткен 200дөн ашык объектти бузду

admin

Тоңдо мал издеп жүргөн жаранды төшкө атып кетишти

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча талап кылууга көмөктөшкөн Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кармалды.

admin

Комментарий