КР УКМК: Жалал-Абад облусунда мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү

2025–жылдын 13-январында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында Президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө мамлекеттик органдардын жана профилдик мекемелердин облустук деңгээлдеги бардык жетекчилеринин катышуусу менен координациялык кеңешме өткөрүлдү. Аталган иш-чарага 250дөн ашуун адам катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө катышуучуларга коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн кылмыш жазасын катаалдаштыруу боюнча, ошондой эле кабыл алынган «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө милдеттүү түрдө өмүр бою тыюу салууну дайындоо каралган; алсак, коррупциялык кылмыштар үчүн айыптарды толугу менен алып салуу (мисалы, мыйзамсыз баюу үчүн 300-500 миң сом айып ордуна эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу мөөнөтү болот); эгерде жубайы/жолдошу же алардын жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмышка күнөөлүү деп табылса, мамлекеттик кызматка кабыл алуудан баш тартуу; эгерде жаран коррупциялык кылмыш үчүн күнөөсүн мойнуна алып, ордун толтурса, анда ал ушул берене боюнча эң көп дегенде жарым мөөнөткө эркинен ажыратылат.
Жыйындын алкагында белгиленгендей, республиканын жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук түрдө жоюу милдети коюлган. Ушуга байланыштуу чогулгандарга коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертүү берилди.
Жогоруда белгиленгендей, коррупциялык фактылар аныкталган учурда күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жаңыдан кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, соттолгон адамга белгилүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлөөгө өмүр бою тыюу салынат. Ошондой эле, күнөөлүү адамга карата мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп берүү менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза милдеттүү түрдө каралат.
Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар Жалал-Абад облусунда жана райондук деңгээлде да өткөрүлгөн.

Related posts

Чүйдө 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлду

admin

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Бакытбек Мажитов дайындалды

admin

КР УКМК: КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат башкармалыгынын башчысынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду

admin

Комментарий