КР УКМК: Өзгөн районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз саткан кызмат адамдары кармалды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1962-жылы туулган У.Ы.Д., аталган айыл өкмөттүн азыркы юристи 1981-жылы туулган И.И.А. жана алардын шериги 1980-жылы туулган Н.М.М. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган.
Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22га жер «Айыл чарба багытындагы» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланган. Мында мамлекетке келтирилген зыян 829 миллион 200 миң сомду түзөт.
Учурда КР УКМК тарабынан жогорудагы жер боюнча махинацияларга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

УКМК: Автоунааларды мыйзамсыз каттоого катышкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

admin

Кыргызстан 10 миң электромобилди алымсыз ташып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду 

admin

Шашылыш билдирүү. 5-ноябрдан тарта күн кескин сууктайт

admin

Комментарий