КР УКМК: Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын «Көк-Дөбө» тилкесиндеги жалпы аянты 11 Га, болжолдуу баасы 550 млн. сом болгон жер участогу мамлекеттин балансына кайтарылды

Жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө КР УКМК тарабынан Баткен районунун Кара-Бак а/а.га караштуу Көк-Дөбө айылындагы жалпы аянты 11 Га, болжолдуу наркы 550 млн.сом болгон жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Аталган жер тилкеси 1998-жылы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен «Калык» айыл чарба ишканасына көрктөндүрүү үчүн убактылуу пайдаланууга берилип, кийин аталган ишканага жер участогуна жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик акт түзүлгөн.
Тиешелүү иштердин жыйынтыгында аталган жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Баткен районунун Кара-Бак а/а.нын балансына өткөрүлүп берилди.
Учурда КР УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иш-чараларды улантууда.

Related posts

29-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

Бишкектеги жол кырсыгы. №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды

mediaportalk

Камчыбек Ташиевге кайрылган тургун жарандык документтерге ээ болду

mediaportalk

Комментарий